Израил менен АКШнын Иранга чабуулу: эл аралык мыйзамдар алсырап, дүйнө кооптуу доорго кирип жатабы?

02.03.2026 | 10:40

Өткөн ишембиде АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операцияны баштады. Буга чейин тараптар ортосунда чыңалуу болсо да, абал салыштырмалуу тынч жана көзөмөлдө турат деген үмүт бар эле. Бирок бул жаңжал ошол тең салмактуулукту бузду.

Бул кадам Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы мамиледе чоң бурулуш болд. Башкача айтканда, эки өлкөнүн ортосундагы тиреш жаңы, кооптуу баскычка өттү. Алгачкы соккулар оор кесепеттерге алып келди: Иранда, Израилде жана Перс булуңундагы айрым өлкөлөрдө көптөгөн жай тургундар каза тапты. Натыйжада, башында анчалык масштабдуу көрүнгөн кагылышуу бара-бара кеңейип, ири аймактык согушка айлануу коркунучу жаралды. Айрымдар муну глобалдык согуштун алгачкы белгилери катары да баалашууда.

Бул согушка Иран, Израил жана АКШ эле эмес, алардын тегерегиндеги коңшу өлкөлөр БАЭ, Катар, Бахрейн, Кувейт жана Сауд Арабиясы да аргасыздан аралашып жатат. Америка өзүнүн учак ташуучу ири кемелерин Ирандын деңиз жээктерине тизип, коңшу өлкөлөрдөгү аскердик базаларын даярдыкка келтирди. Бир нече мамлекеттердин аба мейкиндигинин жабылышы жана аба каттамдарын токтотушу чыр-чатактын аймактык масштабга ээ болуп, бүтүндөй Жакынкы Чыгыш аймагына жайылып, ал жердеги архитектуралык коопсуздукка оор коркунуч туудуруп жатканын көрсөтөт. АКШ менен Израилдин Ирандын аймагына сокку уруу боюнча координацияланган аракеттери ондогон жылдар бою глобалдык тең салмактуулукту жөнгө салуу жана ооздуктоо механизми катары кызмат кылган эл аралык укуктун колдонуудагы нормаларынын биротоло кыйраганын көрсөтөт. 

ЖМКлардын маалыматына караганда, АКШ Иран менен анын өзөктүк программасы жана байытылган уран запастары боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда, Ак үй Израил менен биргеликте Тегеранга каршы кыйратуучу аскердик чабуулдун планын даярдап жаткан. Февралга чейин АКШ менен Иран Женевада үч жолу жолукканы айтылат. Ал жолугушууларга азыркы Америка бийлигиндеги эң таасирлүү адамдар Стив Виткофф менен Джаред Кушнер да катышкан. Тараптар эки өлкө үчүн маанилүү стратегиялык маселелерди ачык талкуулап, Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы курч келишпестиктерди чече турган орток жолдорду сунушташкан. Бирок кийинки окуялар бул сүйлөшүүлөр чыныгы келишимге жетүү үчүн эмес, убакыт утуп, күч топтоо үчүн жасалган кадам болгонбу деген суроо жаратты. Башкача айтканда, дипломатия аскердик даярдык менен катар жүргөнү байкалды.

АКШнын жаңыланган Улуттук коопсуздук стратегиясындагы “ким күчтүү болсо ошонуку туура” деген эрежеси менен бирге, дүйнөлүк саясатка максатка жетүү үчүн алдоо жана күч колдонуу мыйзам ченемдүү нерсе деген принцип иш жүзүндө киргизилүүдө. Эми убадалар менен келишимдер эч кандай баага татыбай калды, ал эми дипломатиялык сүйлөшүүлөр болгону каршы тарапты алдоо же убакыттан утуп алуу үчүн гана колдонулуучу айла-амалга айланды. Бул көрүнүш эксперттердин да, коопчулуктун да арасында эл аралык укук түшүнүгү, тактап айтканда, мыйзамдар күчүн жоготту жана “күчтүү тарап өз кызыкчылыгы үчүн каалаган убадасын жокко чыгарып коё алат” деген ишенимди бекемдеп жатат.

Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин, анын үй-бүлөсүнүн жана өлкөнүн эң жогорку аскердик-саясий жетекчилеринин өлтүрүлгөнү тууралуу кабарлар окуяны ого бетер курчутту. Иран менен Израилдин тирешүүсүнүн мурунку этаптарында Тегеран союздаш лидерлердин жана өзүнүн жогорку даражалуу аскер офицерлеринин жоготуусуна туш болуп, өтө катаал реакция кылып, ири масштабдуу өч алуу менен коркуткан. Ал эми өлкөнүн руханий жана саясий лидери өлтүрүлсө, бул абалды таптакыр башка, кооптуу деңгээлге чыгарышы мүмкүн. Иран бул окуяны мамлекеттин өзөгүнө урулган сокку катары кабыл алса, анда мурда карманып келген айрым чектөөлөрдөн баш тартышы ыктымал. Башкача айтканда, жооп кайтаруу мурдагыдан да кеңири жана катуураак болушу мүмкүн. Бул болсо аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды ого бетер оорлотот.

АКШ менен Израилдин каардуу аракеттери Ирандын элитасына, тактап айтканда, бийлик өкүлдөрүнө психологиялык басым жасап, элди өкмөткө каршы үндөө аркылуу ички кырдаалды бузууга багытталгандай. Бирок, Ирандын башкаруу системасы дароо эле кыйрап калат деп күтүүгө болбойт, себеби ал бир адамга байланбайт. Өлкөдө бир нече жамааттык башкаруу органдары бар. Ислам Республикасы “Ислам революциялык кеңеши” сыяктуу жамааттык башкаруу органдарына негизделген. Мамлекеттик институттардын бири-бирин алмаштыруу тартиби бийликте боштук пайда болуу коркунучун азайтат. Маалыматтарга караганда, убактылуу жетекчилик Конституциянын Сакчылар кеңешининмүчөсү аятолла Алиреза Арафиге тапшырылды.

Ошол эле учурда, Ирандын Жогорку бийлиги мурдагылардын баарынан ашып түшөтурган, өтө кыйратуучу жооп кайтаруу чаралары даярдалып жатканын жарыялады. Аскердик операцияга АКШ менен Израил түздөн-түз катышып, ал эми аймактагы союздаш өлкөлөр сокку астында калуу коркунучунда тургандыктан, бул согуштун чеги каякка чейин жетээрин экенин айтуу кыйын.

Учурдагы этапта бир гана нерсени так айтууга болот: АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттери жаңжалдын жаңы фазага өттү деп так айтса болот, анын кесепеттери Жакынкы Чыгышка гана эмес, бүтүндөй глобалдык коопсуздук тутумуна таасир этиши мүмкүн.

Дастан Токольдошев

Scroll to Top