“Инкарчылар” балдарын эмдетүүгө, мектепке жиберүүгө макул болушту

“Инкарчылар” балдарын эмдетүүгө, мектепке жиберүүгө макул болушту

“Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрү экстремисттик идеологиядан баш тартып, балдарына медициналык жардам жана светтик орто билим алууга макулдук беришти. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 26-майында УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик агымынын мүчөлөрү: 1977-жылы туулган А.Т.М., 1987-жылы туулган Ж.К.Т., жана 1993-жылы туулган И.М.К. кармалган.

Аталган адамдар мурда Жалал-Абад шаарында экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып, үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекеттик медициналык жардам көрсөтүүгө, ошондой эле жалпы билим берүүчү мектептерге барууга тоскоолдук кылышкан.

УКМКнын тергөө абагында кармоо учурунда экстремисттик идеологиядан баш тартуу боюнча кармалгандар менен тиешелүү түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Натыйжада, алар өздөрүнүн ишинин туура эместигин түшүнүшүп, “Йакын-Инкар” уюмунан эл алдында баш тартышты.

Кийинчерээк УКМКнын кызматкерлери тарабынан жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте кармалгандардын үй-бүлөлөрү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын натыйжасында жашы жете элек балдар поликлиникага каттоого алынып, балдарга жаңы окуу жылынан баштап мектепте билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу     боюнча милдеттенмелер алынды.

Учурда УКМК тарабынан тыюу салынган диний-экстремисттик агымдардын жана уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>