Күрд кошуундары Сириянын түндүгүндөгү аймактан чыгып кетет

Күрд кошуундары Сириянын түндүгүндөгү аймактан чыгып кетет

Күрд кошуундары өз эрки менен Сириянын түндүгүндөгү аймактан чыгып кетерин маалымдады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Эми күрддөр ээлеп турган аймакты Сирия өкмөтүнүн аскерлери көзөмөлдөйт. Күрд кошуундарынын лидери Орусия менен Түркия президенттеринин Сочиде кабыл алган келишимди моюндоого аргасыз болгон.

Эске салсак, 22-октябрда Туркия менен Орусия Сириянын түндүгүндөгү жаңжалды чечүү боюнча келешимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, эки өлкөнүн аскерлери чек арадагы 10 чакырымга созулган атайын аныкталган тилкени биргелешип кайтармак болгон.

Белгилей кетсек, 8-октябрда Түркиянын армиясы Сириянын түндүгүндөгү күрддөргө каршы аба соккуларын баштаган.

“Тынчтык булагы” деп аталган аскердик чабуул жасалганга чейин бул аймактан АКШнын аскерлери чыгарылган. Мурда күрд кошуундарына колдоо көрсөтүп келген АКШ бул жаңжалга аралашпай турганын жана Анкараны колдой тургандыгын билдирип, бирок чектен чыкпоону эскерткен.

17-октябрда АКШнын вице-президенти Майк Пенс менен Түрк президенти Реджеп Тайып Эрдогандын 5 саатык сүйлөшүүсүнөн кийин Түркия Сириядагы күрддөргө каршы жасаган аскердик чабуулун убактылуу токтотуп, күрд күчтөрүн өз эрки менен Сириянын түндүгүндөгү аймактан чыгып кетишин талап кылган.  

Түрк бийлиги 2012-жылдан бери Сириянын түндүгүндөгү отурукташып алган күрддөрдү сүрүп чыгаруу аракетин көрүп келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>