Баткенде 10 баш бодо мал уурдоого шектелип эки адам кармалды

Баткенде 10 баш бодо мал уурдоого шектелип эки адам кармалды

Кадамжай районунда 2022-жылдын сентябрь айынан тарта массалык түрдө мал уурулук катталып жаткандыгын билдиришип,  арыз менен жергиликтүү тургундар милицияга кайрылышкан.

Баткен ОИИБдин маалыматына караганда, бул арыздар Кадамжай РИИБде Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып,  сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 10 баш бодо мал белгисиз жарандар тарабынан уурдалып, жабырлануучуларга олуттуу зыян келтирилгендиги аныкталган.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп,  2022-жылдын ноябрь айынын аягында Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын мурда сот жообуна тартылган 58 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну Бишкек шаарында жашырынып жүргөн жери аныкталып,  кармалды.

Ошондой эле, 58 жаштагы Ж.Кнын кылмыштуу шериги Орозбеков айыл аймагынын 51 жаштагы тургуну Ы.Т. экендиги аныкталып, Охна айылынан кармалды. Учурда кармалган эки жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип,  тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>