Каирде Садыр Жапаров менен Мисирдин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси жолугушту

05.11.2025 | 14:27

Бүгүн, 4-ноябрда, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Мисир Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин расмий жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Каир шаарындагы «Аль-Иттихадия» президенттик сарайында болгон.

Мамлекет башчыларынын саламдашуусунан кийин ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырган. Андан соң салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий таанышуусу жана сүрөткө түшүү аземи болгон. Салтанат аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышкан.

Эске салсак, кечээ, 3-ноябрда, Садыр Жапаров биринчи жолу Мисирге расмий сапар менен барган.

Бул сапардын алгагында эки өлкөнүн башчыларынын ортосунда күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болору айтылган. Ошондой эле экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Scroll to Top