БШК бир мандаттуу — Биринчи Май жана Свердлов округдары боюнча кайталап шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бюллетендериндеги катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрүү күнүн бекитти.
Ал 8-февралда болот. Ошол эле күнү бекер эфирдик убакыт бөлүштүрүлөт. Аны Бешинчи канал берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин тексти жана формасы 10-февралга чейин бекитилерин жана бул күндөн кийин шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлер 100 миң сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн кайтарып ала албай турганын эскертет.
БШК билдирүү берген 72 адамдын 53үн каттады.
Үгүт иштери бүгүн, 7-февралда башталды, 26-февралда саат 8.00дө аяктайт. Ал эми шайлоо 27-февралда өтөт.