Site icon Reporter.kg

Камакка алынган министр А.Бейшеналиевдин кандай бизнестери бар?

Саламаттыкты сактоо министри ээлик кылган «Беймарал» микрокредиттик компания лицензиясыз иш алпарат. Мындан тышкары, министрдин жеке менчик мектеби, Ысык-Көлдө 15 гектар жери, 75 коттеджи жана башка бизнестери бар. Бул тууралуу Factcheck.kg. басылмасынын иликтөөсүндө айтылат.

Басылманын берген маалыматына таянсак, Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматына келгенден кийин, «Чечей» коомдук бирикмесинин негиздеген жана ал “Жал” 29 кичи районунда катталган.

Министрдин «Беймарал» микрокредиттик компаниясы ушул эле даректе жайгашкан. Ал 2012 -жылы негизделген. Ишкана 2015-жылга чейин 71 миң сом салык төлөгөн. Улуттук банктын маалыматы боюнча, анын лицензиясы жок.

Алымкадыр Бейшеналиев дагы «Арча Бешик» мектеп комплексинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2018-жылы катталган. Мекемеде 400 бала тарбияланат. Жылдык окуу акысы 27 миң сомду түзөт.

«Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматчыга уюштуруучулук жөндөмүнө карабастан, жеке ишкердик иш менен алектенүүгө, чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга тыюу салынат.

Бейшаналиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы болуп дайындалгандан кийин, анын жубайы Замира Кулматова Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында жайгашкан «Париж КО» ЖЧКсынын негиздеген. Бул компания Ысык-Көлдөгү коттедждерди сатуу жана ижарага алуу менен алектенет. Аймактын жалпы аянты 15 гектар, 75 коттедж, 88 батир, 10 ысык булак, көлмөнүн 7 гектарын ээлейт, ошондой эле эки пляж бар.

Чиновниктин уулунун аты Мар. Ал Алымкадыр Бейшеналиевдин фирмасы менен бир даректе жайгашкан «Драйв» ЖЧКсынын башчысы.

Буга чейин 2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кармалганын, ага карата жети кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатканын маалымдаган. Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин үч жооптуу кызматкери дагы коррупцияга шектелип кармалды.

Министрге айып тагылгандан кийин сот анын баш коргоо чарасын караганга чейин ал 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Exit mobile version