«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу. Кыргызстан насыя алат

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу. Кыргызстан насыя алат

Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо үчүн 13 млн доллар кредит алат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Ал буга чейин Кыргызстан 5 млн доллар грант алганын, бирок бул каражат техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга жетпей калганын эске салды. Ошентип, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуунун жалпы баасы 18 млн долларды түзөт.

Эске салсак, буга чейин “Акчабар”Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоорун даярдоого Дүйнөлүк банк 13,6 млн доллар бөлүп бере аларын жазган. Анын 11 млн доллары 10 жылга кийинкиге жылдыруу менен 50 жылга пайызсыз насыя, 2,6 млн доллары грант катары берилет.

«Камбар-Ата-1» ГЭСинин акцияларын өлкө жарандарына сатуу сунушталды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>