БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Камчыбек Көлбаевдин тобундагы «Алтуха» үй камагына чыгарылды
04.10.2023 | 23:52
“Алтуха” каймана аты бар кримтөбөл Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg өздүк булактарга шилтеме берип билдирди.
Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарганы такталды.
Маалым болгондой, баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн сотко УКМКнын тергөөчүлөрү киргизген.
Айрым маалыматтарга караганда, Алтынбек Ибраимов мамлекетке келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берген. Анын шериктери камакта калды.
Эске сала кетсек, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү – Алтынбек Ибраимов (Алтуха), Азамат Шаршеев (Протез), Кенжебай Тажибаев жана Адилет Касенов май айында кармалган.
Алар СИЗОго киргизилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар