Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батир белек кылды

24.09.2025 | 19:30

Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7 балалуу жалгыз бой энеге эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалгыз бой эне үй-бүлөлүк пикир келишпестиктен жана спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз ичүүдөн улам жолдошу менен ажырашып кеткен. 2025-жылдын ортосунда ал “Аялзат” балдар жана аялдар үчүн кризистик борборуна кайрылып, ал жерде 7 баласы менен азыркы учурда убактылуу жашап жаткан. Жалгыз бой эне колунда 10 айлык баласы бар болгондуктан ишке орношуп, ошондой эле жашай турган үй ижарага ала албай жаткан.

Ал Ташиевге жардам сурап кайрылган. Натыйжада Ташиев эненин үй-бүлөлүк абалын эске алып, көп балалуу үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белекке берген.

Scroll to Top