Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бишкектин бир бөлүгүндө таза суу убактылуу өчүрүлөт
24.09.2025 | 20:30
29-сентябрда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө таза суу берүү саат 9:00дөн 20:00гө чейин токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, суу төмөнкү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта өчүрүлөт: Анкара көчөсү – ББЧК, Аламүдүн дарыясы, темир жол линиясы жана Октябрь көчөсү.

Өчүрүү “ХБО” суу алгычындагы реконструкция иштерине байланыштуу токтотулат. “Бишкексууканал” келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкка ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом