УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүгө каршы. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.
Ташиев аталган маселе боюнча жүргүзүлгөн талдоодон кийин 12 жылдык окууга өтүү туура эмес деген тыянакка келгенин, ал анын жеке пикири экенин айтты.
«Биздеги билим берүү өтө начарлап кетти. Ушул түйшүктү чечмейинче, башка системага умтулуунун кереги жок», — дейт ал.
Ал 12 жылдык билим берүү системасынын жактоочулары бүтүрүүчүлөргө «чет мамлекетке барып окууга ыңгайлуу болот» деген жүйө келтирип жатканын, бирок Европа менен Америкага бүтүрүүчүлөрдүн 3-5%гана тапшырарын, калгандары Кыргызстандагы же КМШ мамлекетттериндеги университеттерде окуусун улантарын билдирди.
Ошондой эле ал жаңы системага өтсөк кошумча 30 миңден ашык мугалим, 200дөй жаңы мектеп керек болорун айтты.
Ташиев билим берүү жагынан алдыда турган мектептерди андан начарыраак окуткан мектептер менен теңеп салуу чоң көйгөй болгонун кеп кылды.