Камчыбек Ташиев Өзгөндөгү оорукананын эскилигин көрүп, жаңы имарат куруу тапшырмасын берди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Өзгөн райондук ооруканасынын абалы менен жеринен таанышты. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Ташиев эскилиги жеткен имараттарды көрүп, учурдагы шарттар заман талабына жооп бербей турганын белгиледи. Ал медицина кызматкерлери менен бейтаптар үчүн ыңгайсыз шарттар түзүлгөнүнө күбө болуп, калктын саламаттыгы мамлекет үчүн эң башкы артыкчылык экенин айтты.
УКМК төрагасы жаңы заманбап оорукана куруу зарылдыгын белгилеп, жергиликтүү бийликке жана тиешелүү органдарга курулуш иштерин создуктурбай баштоо тапшырмасын берди.
Анын айтымында, жаңы оорукананын курулушуна керектүү каражат өлкө башчысы Садыр Жапаров түзгөн стабилдештирүү фондунан бөлүнүп, маселе президенттин жеке көзөмөлүндө болот.
“Ташиев медицина кызматкерлеринин социалдык шарттарын жакшыртуу жана региондордо сапаттуу медициналык кызматты камсыз кылуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин баса белгиледи”,-деп айтылат маалыматта.