Камчыбек Ташиевдин кызматынан бошотулушу: негизги имиштер жана версиялар топтому
Камчыбек Ташиев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошотулду. Бул чечимдин тегерегинде маалымат айдыңында бир катар имиштер жайылууда. Reporter.kg басылмасы болуп жаткан окуялардын негизги версияларын топтоду.
«Достуктун үзүлүшү» тууралуу имиштер жана расмий түшүндүрмө
Кызматтан бошотуу тууралуу расмий билдирүү чыгарга аз калганда, социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин «достук бийлик жана акча менен ченелбеши керек» деп айткан видеосу тараган.
Президент Садыр Жапаров Ташиевдин отставкасы тууралуу өзүнүн басма сөз катчысы аркылуу пикирин билдирди: «Биринчи кезекте, мен бул чечимди мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн, коомдо, анын ичинде мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда жиктелүүгө (бөлүнүүгө) жол бербөө, тескерисинче — биримдикти чыңдоо максатында кабыл алдым».
Жогорку Кеңештин төрагасынын мүмкүн болгон отставкасы
24.kg басылмасы өз булактарына таянып билдиргендей, Ташиевдин артынан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да кызматынан кетиши мүмкүн. Бул ал Түркиядагы жумушчу сапарынан кайтып келгенден кийин болушу ыктымал экени айтылууда. Учурда бул боюнча расмий маалымат жок.
Германиядагы операция тууралуу версия
Камчыбек Ташиевдин учурда кайда жүргөнү тууралуу да маалыматтар пайда болду. Reporter.kg басылмасынын булактарынын билдирүүсү боюнча, ал азыркы тапта өлкөдөн тышкары жерде.
Алдын ала маалыматтарга караганда, сапардын максаты — квалификациялуу медициналык жардам алуу. Ташиевдин Германияда экени жана ал жакта анын жүрөгүнө хирургиялык операция жасалары пландалганы кабарланууда. Расмий өкүлдөр же мамлекеттик түзүмдөр бул маалымат боюнча азырынча эч кандай билдирүү жасаша элек.