Камила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштады

12.02.2026 | 12:47

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева 12-февралдагы парламенттин жыйынында өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү жасады. Ал трибунада президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, кесиптештерин аларды ымалага келтирүү үчүн мамлекет башчысына биргелешкен кайрылуу жасоого чакырды.

Талиеванын учурдагы саясий кырдаал эл арасында тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи. Ал президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди “ушакчылар” уруштурганын айтып, саясаттагы «артынан бычак уруу» аракеттерин токтотуу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле Камила Талиева Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын (ред. Эдил Байсалов) дарегине сын айтты.

“Президенттин жанындагы вице-премьер-министр кечээ чыгып алып айтып атат. Камчыбек Кыдыршаевичтин кылган ишин жөн эле жокко чыгарып атат.
Камчыбек Кыдыршаевичтей ошол вице-премьер элге иш кылсынчы!

Элди бөлүп жарган мобу саясатты кылган ушу бийликтегилер болуп атат. Ошол вице-премьер элди бөлүп жарып атат, чакырык жасап атат. Мен дайым адилеттикти айтам. Тарых үчүн айтып коёлу. Бүгүн мүмкүн эл душманы көрөр, мүмкүн бизди адилеттик айтканыбыз үчүн бүгүн бир кодулоолорго каларбыз. Чыдайбыз!”,- деди ал.

Депутат эл өкүлдөрүн Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровду ынтымакка чакырууну сунуштап, бул боюнча президентке кайрылуу жасоого чакырды.

“Президент менен Камчыбек Кыдыршаевичти ымалага келтирген, ынтымакка келтире турган ушу жербиз. Келгиле бир кайрылуу кылалы. Токтотолу! Эл бир атасынан айрылып калгандай абдан кыжалат болуп чалып атышат. Токтотолу эми ачуу чындыкты кимдир бирөө айтыш керек. Мына мен ошол туруп берейин. Келиңиздер, баарыбыз чогуу бир президентке кайрылуу жасайлы. Болбойт мындай деп. Чогуу келдиңер. Оор учурларда чогуу көтөрдүңөр жүктү”,- деди Талиева.

Ошондой эле ал мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу парламентте баарына бирдей мамиле жасаганын, эч кимди бөлүп жарбаганын жана сатпаганын кошумчалады.

Бүгүн, 12-февралда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен кызматын тапшырарын жарыялады. Ал бул чечимди жеке өзү кабыл алганын, кызматтан кетүү кадамы өлкөдөгү саясий туруктуулукту сактоо максатын көздөгөнүн билдирди.

Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов комментарий берип, буга Ташиевдин атын жамынып, өлкөдө туруксуздук кырдаал жаратууга аракет кылышканын билдирген.

Scroll to Top