Кан донору болуп, өмүрлөрдү сакта! Өлкөдө кан чогултуу боюнча ири акция өтүүдө

13.08.2025 | 16:05

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен Кыргызстанда кан жана анын компоненттерин чогултуу боюнча ири акция жүрүүдө. Акция донорлордун жардамына муктаж бейтаптарды камсыз кылуу максатында уюштурулган.

Саламаттык сактоо министрлиги 4-августтан бери 1014 адам кан донору болгонун билдирди. Алардын арасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, күч органдары жана медицина кызматкерлери бар. Донорлордун жардамы менен бул убакыт аралыгында болжол менен 261 литр эритроцитардык масса жана 311 литр плазма даярдалган.

Бирок министрликтин маалыматында, Кыргызстанда кан донору болууну каалагандар аз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, канга болгон муктаждыкты жабуу үчүн ар бир 1000 киишиге кеминде 40 донор туура келиши керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч миң адамга 6 донор чамасында, бул эл аралык ченемден алты эседен ашык төмөн. Калкы болжол менен 7 миллион болгон өлкөгө жылына жок дегенде 280 миң донор талап кылынат.

“Ар бир кан тамчысы оор кырсыктан кийин, татаал операция маалында же коркунучтуу илдет менен күрөшүп жаткан адам үчүн жашап кетүүгө болгон үмүт болушу мүмкүн. Донор болуу — бул өмүр тартуулоо мүмкүнчүлүгү. Кээде бир эле литр кан бейтаптын тагдырын чечет”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top