Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкектин Интергельпо көчөсү убактылуу бир тараптуу болот
13.08.2025 | 16:39

Бишкек шаарында 13-августтан тарта Интергельпо көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кыймыл убактылуу бир тараптуу болуп уюштурулду. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Бул өзгөртүү Дэн Сяопин проспектисин реабилитациялоо иштерине байланыштуу жол тыгынын азайтуу максатында киргизилди.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундары менен конокторун бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, мүмкүн болсо жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар