Канат Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн төрагалыктан кетерин билдирди

Канат Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн төрагалыктан кетерин билдирди

Жогорку Кеӊештин төрагасы Канатбек Исаев президенттик шайлоого катышуу үчүн төрагалык кызматты өткөрүп берет. Бул тууралуу ал «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында айтты.

«Партиялаштар президенттикке талапкерлигимди көрсөтүштү. Садыр Жапаров дагы президенттикке аттанарын билдирди. Мен талапкер катары президенттин милдетин аткара албайм. Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетүү чечимин кабыл алдым. Мыйзамдуулукту кармап турууга бардык күчүмдү жумшадым. Алдыда чоң мамлекеттин иштери турат», — деди ал.

Канатбек Исаев 13-октябрда 78 депутаттын добушу менен парламенттин жаңы төрагасы болуп шайланган.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>