Канатбек Эшатов: күйүүчү май Кыргызстанда жетиштүү, бирок анын баасы Орусияда өстү
Кыргызстан мунай трейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канатбек Эшатов Reporter.kg басылмасына билдиргендей, өлкө күйүүчү май менен толук камсыздалган, бирок Орусиядан келүүчү көлөм күтүлгөндөн азыраак.
23-октябрда өлкөнүн Антимонополиялык кызматы билдиргендей, Кыргызстандагы күйүүчү майдын запасы октябрь айынын аягына чейин гана жетет. Бул Орусиянын ички рыногундагы чектөөлөргө байланыштуу, анткени кыргыз импортёрлоруна бөлүнгөн көлөм кыскарган. Натыйжада күйүүчү май жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралган. Мекемеден кошумчалашкандай, эгер абал турукташпаса, күйүүчү майдын баасы 15 пайызга чейин өсүшү мүмкүн.
Ошондо КР мунай трейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канатбек Эшатов өкмөт эки өлкө менен күйүүчү майды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.
«Азыркы тапта Орусиядан Кыргызстанга күйүүчү май жеткирүү туруктуу жүрүп жатат. Болгону, күйүүчү майдын көлөмү биз күткөндөн азыраак. Жергиликтүү компанияларда күйүүчү майдын кору 20–30 күнгө гана жетет, мурда болсо алар 2–3 айга жеткидей камдашчу», — деди Эшатов.
Мунай трейдерлеринин башчысы кошумчалагандай, муну менен бирге орус күйүүчү майынын жеткирүүсү үзгүлтүксүз уланууда. Ал эми баанын жогору болушу Орусиядагы мунай иштетүүчү заводдордо күйүүчү май чыгаруу баасынын өсүшү менен түшүндүрүлөт. Башкача айтканда, суроо-талап көп, бирок сунуш аз.