Кант шаарында мектеп окуучуларынын ортосундагы мушташ өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 25-январь күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 1997-жылы туулган Ч.В. кайрылган. Анын айтымында, 22-январь күнү түштөн кийин Кант шаарынын №3 мектептин 10-классынын окуучусу Р.А., 2008-жылы туулган анын бир тууганы Ч.Д.нын денесине залал келтирген. Жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, бирок 25-январда эсине келбей каза болгон.
Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча кылмыш ишин козгоду.
“22-январь күнү саат 12:30дар чамасында Кант шаарындагы №3 мектептин жанында мектеп окуучулары Ч.Д. менен Р.А.нын ортосунда келишпестиктен улам жаңжал чыккан. Андан соң алар мектептин сыртына чыгып мушташкан, натыйжада экөө тең жаракат алышкан. Ч.Д., жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, ага операция жасалып, андан кийин Бишкектеги жеке менчик ооруканасына жаткырылган. Ошол жерден ал эсине келбей каза болгон», — деп айтылат милициянын маалыматында.
Учурда иштин жагдайы боюнча аталган мектептин мугалимдери жана окуучулары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынууда. Керектүү экспертизалар дайындалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз