Кара-Балтада бир киши бычак жеп каза болгон, дагы бирөө ооруканага түшкөн

Кара-Балтада бир киши бычак жеп каза болгон, дагы бирөө ооруканага түшкөн

Кара-Балта шаарында бир киши бычак жеп каза болуп, дагы бирөө ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 19-ноябрда шаардагы №95 үйдүн жанынан киши колдуу болгон 49 жаштагы О.А. аттуу жарандын сөөгү табылган. Анын жүрөк тушуна үч жолу бычак сайылганы аныкталган.

Ошондой эле милицияга 29 жаштагы жаран (М.А.) бычактан жараат алып ооруканага түшкөнү тууралуу кабарланган.

Аталган факт боюнча «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 26 жаштагы жаран (К.Э.) кармалган.

Тергөө учурунда аныкталгадай, 19-ноябрга караган түнү болжол менен саат 01:00до эки киши (маркум О.А. менен ооруканага түшкөн жаран М.А.) көчөдө турганда, жолдо бараткан К.Э. менен кайым айтыша кеткен. Анын айынан ал берки эки кишиге бычак сайган.

Учурда тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>