Кара-Балтада сүйлөшкөн кызынын колун өзгөчө сураган жигитке кылмыш иши козголду

Кара-Балтада сүйлөшкөн кызынын колун өзгөчө сураган жигитке кылмыш иши козголду

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы социалдык түйүндөрдө бир жигит белгисиз куралдан асманга ок чыгарган видеого реакция жасады.

26-апрелде «Инстаграмга» Кара-Балта шаарындагы кафелердин биринин жанында 20-25 жаштагы жигит ок чыгарган видео жарыяланган.

Бул фактыны ИИМ кызматкерлери кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү рееестрине Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык) беренеси менен каттап, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жигиттин өздүгү такталып, ал 2001-жылы туулган жергиликтүү тургун Р.К. болуп чыкты.

Кийинчерээк, милиция жогоруда аты аталган жигит жана анын достору камакты уюштурууга катышкан адамдарды ар кандай иш-чараларга жалдагандыгын аныкташкан. 25-апрелде алар алдын ала макулдашуу боюнча кафелердин биринде камакка алышкан. Продакшн аяктагандан кийин, анын досу сүйлөшкөн кызына баш кошууга сунуш кылган.

Учурда, милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Мындай ишке катышкан адамдар текшерилип жатат. Сотко чейинки процесстер уланууда.

Сүрөт иллюстрациялык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>