Кара-Кечеде 420 млн тонна көмүр бар

Кара-Кечеде 420 млн тонна көмүр бар

Нарындагы Кара-Кече кенинде жалпы 420 млн тоннадай көмүр бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.

Керимовдун айтымында, анын ичинен борбордук тилкесинде 42 млн тонна, чыгыш жана батыш тилкелеринде 380 млн тонна көмүр бар.

Ал аталган үч тилкеде көмүр казуу үчүн лицензия «Кыргызкөмүр» ишканасына берилгенин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>