Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 гана ардагери калды: алар Жеңиш күнүнө карата кандай төлөмдөрдү алышат?ТИМ: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайтАвтобустарда телефон уурдап жүргөн. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалдыКыргызстан менен Япония «Бир айыл — бир продукт» долбоорун өнөр жай масштабына өткөрүүнү макулдаштыЖОЖдогу чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы чыр-чатактын чоо-жайы«110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылган»: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя парламентте көтөрүлдү
Кара-Кулжада селде милиция кызматкери каза болду
01.07.2024 | 12:41
Кара-Кулжада сел агызып кеткен үй-бүлөнүн башчысы Рыспек Арстанкулов ИИМдин күзөт кызматында иштеп келген. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
36 жаштагы милиционер, 34 жаштагы жубайы, 12 жана 4 жаштагы уулу жана 8 жаштагы кызы менен бирге набыт болду.
Бир кызын Рыспек Арстанкулов жээкке жеткирүүгө үлгүргөн. Унаадагы калган балдарын сактоо үчүн барганда өзү дагы селга агып кеткен.
Райондук милиция маркум кесиптешинин 4 жашар баласынын сөөгүн издөө иштерине жардам берүүдө.
https://reporter.kg/kara-kulzhada-sel-bir-yj-bylony-agyzyp-ketti/
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом