Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Кара-Суу шаарында адам өлтүрүүгө шектүү кармалды
05.03.2025 | 14:33
Ош облусунун Кара-Суу шаарында адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 2-мартта милицияга белгисиз адам тарабынан сабалган 42 жаштагы шаар тургуну ооруканага түшүп, каза болгону тууралуу кабарланган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы жаран (Т.Ж.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.