Кара-Сууда 589 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз берилгени аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Датка айыл өкмөтүндө 589 жаранга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп берилгени аныкталып, 2,46 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун административдик соту аталган министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусунун аймактык башкармалыгынын доо арызын канааттандырган.
Соттук кароонун жүрүшүндө аталган айыл өкмөтүнүн жооптуу кызмат адамдары тарабынан жер берүү боюнча тиешелүү токтомдор айыл өкмөтүнүн каттоо китебине катталган эместиги, жер тилкелери трансформация процедурасынан өткөрүлбөгөнү, мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартиби сакталган эместиги аныкталган. Мындан улам 589 жаранга жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнүп берилген.
“Мыйзамсыз токтомдордун негизинде айрым жарандарга мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар да берилген”,- деп айтылат маалыматта.
Ош облусунун административдик сотунун чечими менен «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптары бузулгандыгына байланыштуу, ар бири 0,06 гектардан болгон 41 жаранга берилген 41 токтом жараксыз деп табылган.
Ошондой эле айыл чарба багытындагы жалпы аянты 2,46 гектар болгон жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.