Ош облусунун Кара-Суу районунда 8 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор салынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин билдиришти.
Логистикалык борборду куруу үчүн 8 га айыл чарба жерин трансформациялоо чечими кабыл алынган. Аталган борбордун ачылышы менен 100гө жакын жумушчу орун түзүлмөкчү.
Ал жерде кургатылган жемиштердин өндүрүшүн жолго коюу да пландалууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда