Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагында жайгашкан “Береке Мойнинг” ишканасында багылып жаткан эшектер белгисиз жакка көчүрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg` ге өздүк булактар кабарлады.
«Жакында эле чыккан эшек этине байланыштуу окуядан кийин, аталган жердеги багылып жаткан 1000ге жакын эшектер башка жакка көчүрүлүптүр. Кайсы жайга көчүрүлгөндүгү азырынча белгисиз», -деди маалымат булагыбыз.
Жакында эле социалдык тармактарда Кара-Суу районунда эшектер багылганы, жана алардын эттерин тамакка кошуу үчүн атайын даярдашууда делген маалыматтар тараган.
Ош облустук милициясы бул маалымат боюнча териштирүү жүргүзүп, Кара-Суудагы “Береке Мойнинг” аталышындагы ишканасында 1000ге жакын эшек багылганын тастыктап, бирок эшектерди союп этке таркаткан фактылар катталбаганын билдирген.