Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта эки адам жарадар болду. Чоо-жайы

Кара-Суудагы куралдуу каракчылыкта эки адам жарадар болду. Чоо-жайы

Кара-Суу районундагы ок атуу фактысы боюнча ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 27-январь күнү саат 20:30 чамасында Кара-Суу РИИБдин  нөөмөт бөлүгүнө кабар келип түшкөн. Анда  Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атуучу куралдан 2 жаран жараат алып, ооруканага түшкөндүгү кабарланган.

Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган.

Алгачкы териштирүү иштеринин жүрүшүндө, 27-январь күнү саат 19:15 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы турак жайлардын бирине өздүгү аныкталбаган ок атуучу куралчан, үстүнө камуфляж формасын кийген 30-35 жаштардагы белгисиз жарандар “Мересед-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү унаа менен келишип, үйдүн короосуна киришкен. Аталган турак жайдын жашоочулары өздөрүнүн “Тайота Ленд Крузер 200” үлгүсүндөгү жол тандабас унаасын айдап чыгып баратканда аларга карата ок чыгарышкан.

Алардын аткан огунан 2 жаран жарадар болгон. Ошол эле күнү саат 22:11 чамасында ооруканананын жандандыруу бөлүмүнө 32 жаштагы  М.А., ич тарабына жана 21 жаштагы Т.А., бутуна октон жаракат алып, медициналык жардам сурап кайрылышкан. Алар  ооруканага жаткырылган.

Аталган  факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык)  кылмыш иши козголгон.

Бул окуя боюнча Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмү тарабынан “Колго түшүрүү” жана “Чагылган” аттуу операциялары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 27-январь күнү саат 23:21 чамасында “Мерседес-Бенц-Вито” үлгүсүндөгү жети орундуу унаа Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн үстүндө токтоп турган жеринен табылып, далил буюм катары Ош ОИИБдин короосуна токтотулган.

Учурда изин жашырып качып кетишкен ок атышкан белгисиз жарандарды тактап, кармоо боюнча иш-чаралар улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Кара-Суу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>