Кара-Сууда тургундар имамга унаа белек кылышты

Кара-Сууда тургундар имамга унаа белек кылышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүндөгү Чагыр айылында жайгашкан «Шананов Орозмамат ажы» атындагы мечиттин имамы Анвар ажы Акрамовго жергиликтүү тургундар 750 000 сомдук Honda Jazz үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү жамат имамдын элине, жерине кылган кызматын баалап, ушундай белек менен ыраазычылык билдиришкен.

«Мечитибиздин имамы Анвар ажы көп жылдардан бери ушул мечитте үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Анвар ажы адептүү, жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн инсан, бул киши баарыбыздын устазыбыз. Кандай гана маселе болбосун, биз ал киши менен кеңешип иш алып барабыз. Имамыбыз мындан ары да талыкпай эмгектене берет деп ишенебиз», – деп билдирди мечит жамааты.

«Кадырман калкыбыз ар убак имамдарды сыйлап келишкен. Жергиликтүү жамаат тарабынан көрсөтүлгөн мындай сый-урмат жана колдоо албетте, имамдарга дем-күч берет. Дин кызматкерлерин колдогон адамдарды Алла Таалам колдосун», – деди Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров.

Белгилей кетсек, Анвар ажы Акрамов аталган мечитинде 22 жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>