Каракчылык, аткезчилик жана киши өлтүрүү. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

09.12.2025 | 18:30

Каракчылыкка, аткезчиликке жана 2014-жылдагы киши өлтүрүүгө шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы “Муса” каймана аты бар 48 жаштагы Г.М. болжол менен 2012-жылдан бери ишкерлерден акча талап кылуу, ошондой эле Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында тоноо жана каракчылык кылуу менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгүн аныктаган.

Мындан тышкары аталган кылмыштуу топ Баткен облусу аркылуу Тажикстанга эл керектөөчү товарларды аткезчилик жол менен ташууга, баңгизаттарды жана уурдалган автоунааларды ташууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу коомдошдукту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн натыйжасында Бишкек шаарында жогоруда аталган жаран кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгону белгилүү болгон. Тинтүү учурунда андан курал-жарактар, баңгизат табылып алынган.

Мындан тышкары тергөө учурунда кылмыштуу топтун башка катышуучулары аныкталып, кармалган:

  • 41 жаштагы К.Ы.. Буга чейин бир нече жолу соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда жардыргыч зат жана баңгизат табылып алынган.
  • 33 жаштагы О.А.. Буга чейин адам уурдоо, ден соолукка атайлап зыян келтирүү, мүлктү жок кылуу боюнча соттолгон. Жашаган жерин тинтүү учурунда курал жана баңгизат табылган.

Аталган адамдар “Женго” каймана аттуу Кадырбек Досонов менен түз байланышта болгону белгилүү болгон.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалгандар 2014-жылы Баткен шаарында жасалган жеке ишкерге кол салуу жана өлтүрүүгө тиешелүү болушу мүмкүндүгү аныкталган. Анда белгисиз адамдар Баткен шаарындагы үйлөрдүн бирине кирип, А.Ш. менен А.Ш. аттуу жарандарды бычак менен коркутуп, акча талап кылышкан. Андан соң, аларды бычактап, окуя болгон жерден качып кетишкен. Жабырлануучулардын бири алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Учурда кармалгандар камалып, тргөө амалдары уланууда.

Scroll to Top