Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкек абанын булганышы боюнча 12-орунду ээледи
09.12.2025 | 19:00
9-декабрга карата Кыргызстандын борбору абанын сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингде (World Air Quality Index) 12-сапка жайгашты.
Учурдагы AQI индекси 158 бирдикти түзөт. Эл аралык классификацияга ылайык, булгануунун мындай деңгээли «абдан зыяндуу» деп саналат.

Абанын булгануу деңгээли боюнча сунуштамалар
- Көрсөткүчтөр «Жакшы» (0-50) болгондо, сыртта ээн-эркин убакыт өткөрүүгө болот.
- Абанын сапаты «Орточо» (51-100) болгондо, сезимтал адамдарга көчөдө көпкө жүрбөө сунушталат.
- Ал эми «Ден соолукка зыяндуу» (101-150) жана андан жогорку деңгээлде — сыртта жүрүү убактысын чектөө, «Абдан зыяндуу» (150-249) учурда — үйдө калуу, ал эми «Кооптуу» (250+) деңгээлде — кыска убакытка болсо да көчөгө чыкпоо керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом