Каракол шаарында 420 жаранга ипотекалык батирлер тапшырылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Каракол шаарындагы “Хан-Теңири” кичи районунда курулган мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн ачкычтарын ээлерине тапшырды.
Бул турак жай комплекси жалпысынан 69 блоктон турган тогуз кабаттуу үйлөрдөн туруп, 3105 батирди камтыйт. Бүгүнкү күндө 420 жаран жаңы үйгө ээ болду.
Президент өз сөзүндө: “Учурда өлкөбүздүн бардык аймактарында 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатат. Бул – социалдык теңсиздикти кыскартуу жана жашоо сапатын жакшыртуунун маанилүү куралы. Биз муну менен токтоп калбайбыз”, — деп билдирди.
Райондо заманбап мектеп, бала бакча, мечит жана унаа токтотуучу жай сыяктуу инфратүзүмдөр да каралган.
Президент курулуш иштеринде сапат жана сейсмикалык коопсуздук талаптары катуу көзөмөлдөнүп жатканын белгилеп, мындай долбоорлор өлкө аймактарын өнүктүрүү жана жүздөгөн жаңы жумуш орундарын түзүүдө чоң рол ойной турганын кошумчалады.
Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин Чолпон-Ата шаарында жаңы көп кабаттуу үйдүн биринчи этабы бүткөрүлөрү, жакында Балыкчыда да турак жай курулуштары башталганы белгиленди.