Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бишкекте 18 жаштагы кыз 10-кабаттан боюн таштап каза болду
28.02.2026 | 13:01

Бишкек шаарынын Белорусская көчөсүндөгү турак үйдүн 10-кабатынан 18 жаштагы кыз секирип, каза болду. Бул тууралуу Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя бүгүн, 28-февралда, саат 08:35 чамасында болгон. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери каза болгон жаран 2008-жылы туулган З.К. экендигин аныктаган. Аталган факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
“Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Окуянын жагдайлары такталууда”,- деп билдирди милиция.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар