Караколдо үлпөт той учрунда коомдук тартипти бузган кортеждин айдоочуларына айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Анын айтымында, 26-августта болгон окуянын видеосу социалдык тармактарга жарыяланып, ошол эле күнү «Жеңиш» паркынан айдоочулар кармалган.
«Хонда-Фит» жана «ДЭУ-Нексия» унааларынын айдоочуларына бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде протокол түзүлүп, ар бирине 7 миң 500 сомдон айып пул салынган. Унаалар айып короо жайына токтотулган.