Караколдо кышкы туристтик сезон ачылды

Караколдо кышкы туристтик сезон ачылды

Каракол шаарында туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эл аралык жарманке уюштурулуп, анда кыргыз усталарынын эң мыкты эмгектери: кылдат жасалган кийиз белектер, кооз керамика, кол менен токулган текстиль, зергер буюмдар жана искусствонун өзгөчө чыгармалары чогултулган.

Фудкорт коноктор үчүн чыныгы даамдуу табылга болду. Бул жерде тандыр самсасын, кайнар лагманды, даамдуу ашлянфуну жана кышкы майрамдык маанайга дал келген жылуу суусундуктарды татып көрүүгө болот. Фольклордук ансамблдердин музыкалык чыгармалары жарманкенин атмосферасын кыргыз салттарынын бай дүйнөсүнө толтуруп, конокторду өзгөчө чөйрөгө чөмүлттү.

Жарманке Экономика жана коммерция министрлигинин, Туризм департаментинин, Швейцариянын Helvetas Kyrgyzstan туруктуу өнүгүү долбоорунун, Каракол шаардык мэриясынын жана Дестинация Каракол уюмунун колдоосу менен уюштурулган.

Жарманке 15-декабрга чейин уланат, ар бир каалоочу бул жомоктогудай атмосферанын бир бөлүгү боло алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>