Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы окуучулар ортосундагы массалык мушташта жабыркаган 17 жашар баланын абалы оор бойдон калууда.
Жабыркаган баланын ата-энеси менен сүйлөшкөнүбүздө окуянын чоо жайын айтып берди.
Ошондой эле милиция да бул окуяны көңүл кош иликтеп жаткандыгын билдиришти.