Караколдогу жаңыланган борбордук стадион ачылды

Караколдогу жаңыланган борбордук стадион ачылды

Кечээ Каракол шаарындагы реконструкциядан өткөн борбордук стадиондун расмий ачылыш аземи болду. Ага президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул стадион 1974-жылдан бери биринчи жолу капиталдык оңдоодон өткөнүн белгиледи.

Жаңыланган арена 3380 көрүүчүгө ылайыкталган жана эл аралык стандарттарга жооп берет. Стадиондо административдик имараттар, медиа-зоналар, медициналык жана допинг-көзөмөл бөлмөлөрү, калыстар үчүн бөлмөлөр, техникалык жайлар жаңыланып, 200дөн ашык унаа үчүн токтотуучу жай каралган.

Президент өзгөчө баса белгилегендей, стадионго чоң ЛЭД экран жана биринчи жолу стационардык ВАР (видео кайталоо) системасы орнотулду. Бул – өлкөдөгү футбол инфратүзүмүн эл аралык деңгээлге чыгаруудагы маанилүү кадам.

Садыр Жапаров ошондой эле быйыл Баткен, Нарын, Талас, Токмок шаарларын кошкондо жалпы 15 стадиондо реконструкция иштери башталганын билдирди.

“Бул стадион — Каракол шаарын Кыргызстандын премьер-лигасында татыктуу көрсөтүп жаткан ‘Барс’ футбол клубунун жаңы үйү болот. Мындай шарттар менен жаңы ийгиликтер жаралып, күйөрмандардын саны да өсөт деп ишенем”, — деди президент.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>