Карапайым калкты түйшүккө салган «СНОС». Ким утулуп ким утат?

Кыргызстанда акыркы жылда мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш күчөп, «Снос» деген термин популярдуу болуп турган кези. Бул маселе күн санап айрыкча чоң шаарларда Бишкек жана Ошто курч жана коомдук резонанс жараткан темага айланып баратат. Мыйзамсыз курулуштарды бузуу аракети бир жагынан мыйзамдуулукту орнотуу аракети болсо, экинчи жагынан социалдык нааразычылык жаратуучу фактор экени белгилүү. Негизи мыйзамсыз курулуштарды алуу буга чейин деле актуалдуу маселелердин бири болуп келген. Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов дагы бир кезде мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүүнү колго алып, бирок бул маселе аягына чыкпай калган. Ал тургай ага «дровосек» деген лакап ат да коюуга жетишишкен. Ал эми Айбек Жунушалиев калаа башчылыгына келген соң бул ишти кайра колго алды. Маселени чечүүнүн эки ыкмасы Ош жана Бишкек мэрияларынын тажрыйбасында айкын көрүнүп турат. Бул ирет «Reporter.kg» басылмасы Кыргызстандагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү темасына кайрылат.
Ош шаарын оңдоо эмес, кайра куруу иштери:
Социалдык тармактарда активдүү тараган Ош шаарындагы мыйзамсыз курулуштар менен күрөшүү жергиликтүү тургундардын арасында анчалык деле ызы-чуу жараткан эмес. Балким бул түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп жатканынандыр деген ой келет. Мыйзамдуулук жана эл менен сүйлөшүү боюнча Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев азырынча эң туура саясат жүргүзүп жаткан мэрлердин катарын толуктайт. Ага чейин деле Ошто “снос” түшүнүгү сөз жүзүндө айтылып, бирок дээрлик иш жүзүндө колдонулган эмес. Шаардын айрым аймактары пландоо жана архитектуралык нормалар сакталбаган “Бангладеш” өңдүү көрүнүшкө айланып кеткен. Токторбаев ишти мыйзам бузган объекттерди аныктоо менен эле токтотпостон, ар бир тургун менен жеке жолугушууга көңүл бурду. Анын ыкмасы төмөнкү принциптерге негизделген: Жарандарга мыйзам бузулганын түшүндүрүү, альтернатива сунуштоо, үйү бузулган адамга ордуна жер же турак жай берүү, тынчтык жолу, бузуу иштерин элдин макулдугу менен жүргүзүү сыяктуу. Бул ыкма жыйынтык берип, мыйзамсыз курулуштар бузулса да, массалык каршылыктар же митингдер катталган жок. Ош шаары мыйзамдуулукка өтүүнүн социалдык чыңалуу жаратпаган моделин көрсөттү десек жаңылышпайбыз.

Каршылык жана камоолор менен коштолгон Бишкектеги “снос”
Карама-каршылыктар жана каталар Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “снос” иштерин баштаганда, алгачкы кадамдар кескин реакция жаратты. Өзгөчө Көк-Жар айылындагы №172 контур аймагында болгон окуялар коомчулукта чоң талкуу жаратты. Маселеге терең кире турган болсок, бул жерлер айыл чарба багытында болгон, курулуштар 2022–2025-жылдары жүргүзүлгөн, демек 2021-жылга чейинки жер амнистиясына кирген эмес. Биздин журналисттер аталган жерге барып изилдөө иштерин жүргүзгөндө андагы айрым жарандар жерди атайын уруксаты жок “расписка” менен сатып алганы белгилүү болду. Курулуштарга коммерциялык объекттер да (цехтер, дүкөндөр, ашканалар кирген. Бирок мэрия башында тургундар менен алдын ала сүйлөшүү жүргүзбөстөн, бузуу иштерин баштап жиберген. Бул “качырып кирген букадай” деген сын-пикирлерди жаратты. Мындан улам митингдер болду, жолдор тосулду, милиция кийлигишти.

Мындай маселе эмнеден улам келип чыкты деген суроо туулбай койбойт. Буга чейин 2022-жылдан бери мыйзамсыз курулуштарга жол берилген, алдын алуу иштери жетишсиз болгон. Элге жердин статусу (айыл чарба багыты) толук түшүндүрүлгөн эмес. Мэрия бул жаатта алдын ала сүйлөшүү жана альтернатива сунуштоо иштерин жүргүзгөн эмес. Учурда бул окуя боюнча кармалган бир канча адам убактылуу кармоо жайында кармалууда. Бул боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын эске салып, мындай иштерди жүргүзөрдөн мурда үй ээлери менен сүйлөшүүнү талап кылды.

«Адамдын үйүн бузардын алдында аны менен сөзсүз сүйлөшкүлө. Ал дагы үйдү эмгектенип салган. Башка жерден үй же жер берип, мамлекетке керек экенин түшүндүрүп туруп бузганга аракет кылгыла. Аны айтпай, барып буздуруп салуу туура эмес. Муну Президент дагы айтып жатат. Элдин көңүлүн алып иштеш керек», — деп эскертти Ташиев.

Мындан кийин Бишкек мэриясы ийкемдүү позицияга өтүп, кечээ кечинде ЖМКлардын бирине берген маегинде Көк-Жардагы турак үйлөрдүн бири да бузулбаганын, негизинен коммерциялык курулуштарга көңүл бурулганын айтты. Мындан тышкары Бишкек мэриясы бүгүн билдирүү таратып, Көк-Жардагы бузулган үйлөрдүн ордуна эмне куруларын айтты. Мэр Айбек Жунушалиев «Көк-Жар» конушунун №172- контуруна көп кабаттуу үйлөр салынышы мүмкүн экенин белгилеген. Ал белгилегендей, мыйзамсыз курулган үйлөрдү демонтаждоо мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатат, ага ылайык айыл чарба багытындагы жерлерге турак жай курулбашы керек. Бирок бул жерлер бузулгандан кийин эмне болору ушул жылдын аягында кабыл алынуучу борбор калааны 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн жаңы башкы планы кабыл алынгандан кийин белгилүү болот. Алты айдан кийин 2050-жылга чейинки жаңы башкы план кабыл алынат. Ал кабыл алынгандан кийин ал жерде эмне болору белгилүү болот: жол, бала бакча же көп кабаттуу үйлөр.

Байлар жашайт деп атагы чыккан Ата-Түрк паркындагы абал кандай?
Мыйзамдаштырылган “элитанын” үйлөрү Ата-Түрк паркынын тарыхы мыйзамдык боштуктардын жана саясий чечимдердин кантип коомдук мүлктү жеке менчикке айлантаарын көрсөтөт. СССР учурунда бул парк 107 гектар болуп бекитилген. Эгемендиктен кийин паркка чектеш жерлер жеке менчикке өткөрүлүп, үй курууга уруксат берилген. Чек ара такталбагандыктан ондогон гектарлар дагы ар кандай деңгээлдеги чечимдер менен бөлүнүп кеткен. Бул жерлер негизинен “чоңдорго” башкача айтканда ошол кездеги аткаминерлерге берилген. Ошентип арадан 30 жыл өткөн соң мэрия бул жерлерди кайра паркка кайтарууга аракет кылып, бирок иш толугу менен аткарылбай калган. Ортодо соттошуу процесстери жүрдү. 30 жыл аралыгында ал жерлердин кожоюндары бир нече жолу алмашканы аныкталып, сот иштеринде мэрия кээде утуп, кээде утулуп жатты. Акыры келишим түзүлүп, 5 гектар жер кайра паркка өтүп, калганы үчүн үй ээлери 500 млн сом төлөөгө макул болушканын Бишкек мэриясы кечээ кабарлады. Бул мисал мыйзамсыз курулуштарга карата бийликтин мамилеси бардык учурда бирдей эмеспи деген суроо жаратат. Себеби, карапайым адамдардын айыл чарба жерлериндеги үйлөрү бузулат да, ал эми парктагы кымбат үйлөр мыйзамдаштырылганы канчалык туура?

Жер амнистиясы жана мыйзамдаштыруу элге эмне берди?
Кыргызстандын ири шаарларында мыйзамсыз курулуш маселеси көпчүлүк учурда жердин багыты, ээлик укугу жана документтештирүү маселесине байланыштуу болуп жатат. Бул боюнча Сокулук районундагы Ак-Ордо конушундагы бир канча миң үйлөрдү документтештирүү тапшырмасын так аткара албаган райондун аким жана бир катар жергиликтүү бийлик башчылары Президент Садыр Жапаровдон тил угуп жумуштан алынган мисал бар. Өкмөт тарабынан жүргүзүлгөн жер амнистиясы 2021-жылга чейин курулган үйлөрдү гана камтыгандыктан, андан кийинки курулуштар мыйзамсыз бойдон калууда. Статистикага таянсак, эгемендүүлүктүн 34 жылында Бишкектин четинде 57 жаңы конуш пайда болгон. Алардын дээрлик баары башында айыл чарба багытындагы айдоо талаалар болгон, кийин трансформацияланып, мыйзамдаштырылган.

Кыргызстан мыйзамсыз курулуштар боюнча “кадыресе” этаптан өтүп жатат. Бүгүнкү күрөш бул жөн гана бузуу эмес, мыйзамдуулукту коомдун кызыкчылыгын эске алуу менен орнотуу аракеттери десек болот. Кыргызстандагы «снос» маселеси бул мыйзамсыз курулуштарды жок кылуу гана эмес, ал тургай шаар тургундарынын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизген социалдык жана экономикалык көйгөй. Ошондуктан мэриялар үчүн эки маанилүү милдет турат: биринчиси мыйзамдуулукту сактоо, экинчиси эл менен диалог түзүү жана аларды жаңы шарттар менен камсыз кылуу. Ош шаарынын тажрыйбасы көрсөтүп жаткандай, тургундар менен түз байланыш түзүп, аларга альтернатива сунуштоо жеңишке жетүүнүн жолу. Бишкек шаарында болсо терең жана комплекстүү чечимдер керек, анткени шаарда мыйзамсыз курулуштардын масштабдары чоң жана социалдык нааразычылыктар күч. Президент Садыр Жапаров жана анын командасы минималдуу социалдык зыян менен мыйзамдаштыруу багытын карманууда. Бирок ар бир учурдагы чечим мыйзамдуулук, адилеттүүлүк жана бирдей мамиле принцибин сакташы зарыл. Мыйзамдуу курулуш тартиби орногондо гана Кыргызстандагы шаарлар коопсуз, ыңгайлуу жана жашоого ыңгайлуу болот.