Кармалган дарыгер-нефролог үй камагына чыгарылды

19-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгер-нефрологу Насира Бейшебаваны үй камагына чыгарды.
Бейшебаева 18-февралда Бишкек шаардык милициясы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Дарыгердин камалышына З.С. аттуу аялдын арызы себеп болгон. Аялдын айтымында, 2024-жылдын октябрында дарыгер Бейшебаева анын 2011-жылы туулган кызын туура эмес дарылап, анын кесепетинен оң буту ампутацияланган.
Мындан улам дарыгерге Кылмыш-жаза кодексинин “Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу, этиятсыздыктан оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде ал камакка алынган.
Буга чейин соцтармактарда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун эмгек жамааты өлкө башчы Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасашып, ишти ар тараптуу жана адилет иликтөө жүргүзүүнү, ошондой эле Насира Бейшебаеваны эркиндикке чыгарууну өтүнүшкөн.
Алар Насира Бейшебаева Кыргызстанда балдар нефрологиясын өнүктүрүүгө өтө чоң салым кошкон, жогорку квалификациялуу адис, балдар нефрологу, трансплантолог экенин билдиришкен. Ошондой эле ал трансплантология боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин эң негизги стратегиялык документтерин иштеп чыгууга катышып келерин айтышкан.
Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирүү жасап, ишти калыс жана адилеттүү кароо зарылдыгы айтылган. Министр Каныбек Досмамбетов дарыгерге карата эркиндигинен ажыратууга байланышпаган бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.