2020-жылдын аягында Каспий деңизинин Орусия аймагындагы жээгинде жүздөгөн тюлендер кырылганы айтылган.
«Деңиздин Түркмөнбашы жана Киянлы шаарларындагы жээгинде былтыр декабрдан бери тюлендердин сөөгү табылып жатат. Январь айында балыкчылардын торуна өтө көп өлгөн тюлендер түшкөн. Аны менен катар жээктерде кырылган балыктар менен куштар жатат «, -деди деңиз чек ара кызматкери.
Былтыр декабрда Орусиянын Каспий деңизинде иштеген илимий экспедиция тюлендердин кырылышына табигый факторлор себеп болушу ыктымал деген бүтүмгө келген.
Маалыматка караганда, алардан коронавирус же башка жугуштуу оору аныкталган эмес.
Каспий тюлени (Phoca caspica) Эл аралык жаратылышты коргоо биримдигинин Кызыл китебине жана Түркмөнстандын кызыл китебине киргизилген.