Касымалиев: Бажы жана салык кызматтары планды ашыгы менен аткарып жатат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик бажы жана салык кызматтарынын ишин жогору баалап, алардын планды ашыгы менен аткарып жаткандыгын белгиледи.
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдиргендей, төрага бул жетишкендик үчүн кызматкерлерге өзүнүн жеке ыраазычылыгын билдирген.
“Учурда Бажы кызматында чоң реформалар жүрүп жатат. Анын негизги багыты — санариптештирүү жана ишкерлер үчүн шарттарды жеңилдетүү. Бир апта мурда QR-код аркылуу төлөмдөрдү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Эми ишкерлер кезек күтпөстөн эле QR-код аркылуу онлайн түрдө төлөй алышат. Бул система иштей баштагандан бери 1 жума ичинде 40 миллион сомдон ашык төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлгөн. Бул ишкерлер үчүн убакытты үнөмдөөгө жана жумушту ыкчам аткарууга шарт түздү”, — деди Орунбеков.
Ал ошондой эле санариптештирүүнүн натыйжасында бажы өткөрүү пункттарында да олуттуу жетишкендиктер бар экенин белгиледи.
“Мисалы, Эркештамдын импорт багытында унааларды өткөрүү жөндөмдүүлүгү мурда суткасына 150–160 болсо, реформалардан кийин суткасына 500дөн ашык унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишилди. Мындай шарттар бажы төлөмдөрүнүн көп чогулушуна негизги себептердин бири болуп калды”, — деди Орунбеков.