Жакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысыЭми чет өлкөлүктөр Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болотКыргызстанга картошканы сырттан ташып келүүгө алты айга тыюу салындыMBANKтын жаңы «Маниполия» акциясында 50 млн сомдук 350 миң байге ойнотулатТеректердин ордуна — клёндөр: Орунбеков Бишкектеги Айтматов проспектисин жашылдандыруу тууралуу айттыАгрокөргөзмө-жарманкелер өтөт: Бишкекте 21–25-октябрда айрым көчөлөр жабылат
Дүйнөлү банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун андан ары каржылоого даяр
27.01.2026 | 09:58

Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун мындан ары да каржылоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Дүйнөлүк банктын аймактык директору Наджи Бенхассиндин жолугушуусунда айтылган.
Жолугушууда энергетика тармагындагы долбоорлордун учурдагы абалы жана келечеги талкууланган. Анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырууда экологиялык жана социалдык аспектилерге артыкчылык берилери белгиленген.
Ошондой эле тараптар Борбордук Азиянын аймактык интеграциясы жана электр энергиясынын соодасы (REMIT) долбоору каралды. Бул демилге Жалал-Абад облусунун электр тармактарын чыңдоого, аймактык электр соодасын кеңейтүүгө жана энергетикалык инфраструктуранын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат