Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Касымалиев КМШ саммитинде: Кыргызстан соода, транспорт жана жашыл энергия боюнча кызматташтыкты күчөтөт
29.09.2025 | 21:11

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу МинКабдын басма сөз кызматы кабарлады.
Касымалиев белгилегендей, 2025-жылдын алгачкы жарымында КМШ өлкөлөрүнүн өз ара соодасы 7 млрд долларга жетти, анын ичинде Кыргызстан менен соода жүгүртүү 2,73 млрд долларды түздү.
Ал Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттарды атап өттү:
- мультимодальдык транспорт коридорлорун өнүктүрүү;
- соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү;
- биргелешкен ишканаларды түзүү;
- электрондук коммерцияны өнүктүрүү.
Мындан тышкары, Касымалиев климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана кайра жаралуучу энергияны өнүктүрүү Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында КМШ өлкөлөрү 20дан ашуун документке жана чечимдерге кол коюшту.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат