Катар өкмөтү Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына кошумча корпус курууга грант бөлдү

20.10.2025 | 09:54

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Катардын өкмөттөрүнүн ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гранттык макулдашуу Бишкек медициналык тез жардам клиникалык ооруканасынын кошумча корпусун курууну каржылоого багытталган. Анын жалпы суммасы 9 млн 240 миң долларды түзөт.

Грант долбоордун бардык этаптарын каржылоого, анын ичинде курулушка, жабдууларды сатып алууга жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү ресурстар менен камсыз кылууга жумшалат.

“Бул имараттын курулушу оорукананын сыйымдуулугун жана бейтаптарды тейлөө мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле медициналык кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет”,- деп айтылат маалыматта.


Scroll to Top