Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Казакстан менен Ооганстан темир жол куруу боюнча макулдашууга кол койду
15.07.2025 | 18:26
Казакстандын Транспорт министрлиги менен Ооганстандын Коомдук иштер министрлиги Борбор Азия менен Түштүк Азияны туташтыруучу темир жолдун курулушу боюнча Меморандум кабыл алышты. Бул тууралуу Казакстандын ТИМи билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган документке Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунун Ооганстанга болгон иш сапарында кол коюлган.
Бул долбоордо Ооганстан аймагы аркылуу «Тургунди-Герат-Кандагар-Спин-Булдак» темир жол магистралын куруу, ошондой эле Гератта транспорттук-логистикалык борборду түзүү каралган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар