Казакстан жана Кыргызстан социалдык чөйрөдө санариптик чечимдерди алмашууну макулдашты

01.04.2026 | 13:20

Казакстандын жана Кыргызстандын эмгек министрликтери мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү чөйрөсүндө, анын ичинде технологиялык чечимдерди жана маалымат базаларын алмашуу боюнча кызматташууну макулдашты. Бул тууралуу Астанадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында маалым болду.

Кыргызстандын эмгек министри Канат Сагынбаев жумушчу сапарынын алкагында казакстандык кесиптеши Аскарбек Ертаев менен социалдык коргоо жана миграцияны жөнгө салуу тутумуна санариптик инструменттерди киргизүү маселесин талкуулады.

Тараптар санариптик чечимдерди интеграциялоо мигранттардын эмгек укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле социалдык төлөмдөрдү дайындоо процесстерин тездетүүгө жана автоматташтырууга мүмкүндүк берерин белгилешти.

Казакстан тарап кыргыз делегациясына тийиштүү ведомстволордун ишин тааныштырып, калк менен электрондук өз ара аракеттенүүнүн иштеп жаткан механизмдерин көрсөттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин ырасташты. Жакынкы арада тармактык эксперттер маалыматтык тутумдарды изилдөө жана аларды Кыргызстандын эмгек рыногу менен социалдык коргоо тармагынын милдеттерине ылайыкташтыруу боюнча консультацияларды улантышат.

Scroll to Top