Казакстанда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга катталууга тыюу салуу сунушталды. Бул мессенжерлерге тиешелүү эмес

04.12.2025 | 16:30

Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги балдардын интернетке кирүү эрежелерин түп-тамырынан бери өзгөртө турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Мекеме 16 жашка чыга элек колдонуучуларга бардык онлайн-платформаларда катталууга тыюу салууну сунуштоодо.

Тиешелүү өзгөртүүлөр «Ачык ченемдик укуктук актылар» порталында жарыяланды.

«Онлайн-платформалар жана онлайн-жарнама жөнүндө» мыйзамдын жаңы 10-1-беренесине ылайык, балдарга социалдык тармактарда (Instagram, Facebook, VK), видеохостингдерде (TikTok, YouTube) жана башка контент-платформаларда аккаунт ачууга тыюу салынат.

Бир гана кат жазышуу кызматтарына (WhatsApp жана Telegram сыяктуу мессенджерлерге) уруксат берилет, ал жакта каттоо жеткиликтүү бойдон калат.

Негиздеме-маалымкатта мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар өкмөттүн 2025-жылдын январындагы тапшырмасына таянышкан. Башкы максат — жашы жете электерди зыяндуу жана деструктивдүү контенттен коргоо, ошондой эле кибербуллинг тобокелдиктерин азайтуу.

Учурда документ талкуулоо баскычында турат. Эгер парламент өзгөртүүлөрдү кабыл алып, президент кол койсо, мыйзам расмий жарыялангандан 60 күндөн кийин күчүнө кирет.

Scroll to Top