Казакстанда 21 жаштагы кыз парламент депутаты болду

Казакстанда 21 жаштагы кыз парламент депутаты болду

Казакстанда 21 жаштагы кыз парламент депутаты болду. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, Казакстанда 10-январда парламенттин мажилисине (төмөнкү палата) шайлоо болуп, беш партиянын ичинен үчөө,  «Нур Отан», «Ак Жол» жана Казакстандын элдик партиясы өткөн. Мына ушул жеңүүчү болгондордун бири  «Нур Отан» партиясынан 21 жашка жаңы толгон шахматчы Жансая Абдумалик аттуу кыз Казакстандын парламенттине депутат болууда.

Ал 2019-жылы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөнүн мыкты шахматчысы аталган.

21 жаштагы кыздын депутат болуусу Казакстанда интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшүп, айрымдары “куурчак ойно” десе, айрымдары “бюрократтардын жанында отурбай, келечегин шахматтан издеши керек” деп жазышууда. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>