Казакстанда Ооганстандын элчилиги пайда болору айтылууда

Казакстанда Ооганстандын элчилиги пайда болору айтылууда

«Талибан» кыймылынын Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин башчысы Абдул Хай Канет Казакстан «Талибандын» Астанадагы элчисин аккредитациялап, Кабулдагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн макамын элчиликтин деңгээлине көтөрүүнү чечкенин билдирди. Бул тууралуу «Караван Инфо» маалымат агенттиги жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Канэт ошондой эле учурда Ооганстанды «Түндүк–Түштүк» эл аралык транспорттук коридоруна кошууга даярдык көрүлүп жатканын, жана бул өлкөнүн географиялык абалын натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берерин билдирген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>